Мазмунга өтүү

Ассортимент (түркүм)

Википедия дан

Ассортимент (түркүм) (фр. assortiment ) – айрым көрсөткүчтөрү (белгилери) боюнча айырмалануучу товарлар менен продукциялардын аркыл түрлөрүнүн тизмеги. А. топтук жана жекелик болуп бөлүнөт. Топтук түркүмгө өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукциялар менен эл керектөөчү товарлардын ар кандай түрлөрүнүн тизмеги кирет. Жекелик түркүмгө маркасы, тармагы, артикулу , үлгүсү, эни, чени, түсү, сүрөтү ж. б. белгилери боюнча айырмаланган бир түрдүү товарлар менен продукциялардын курамы кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]