Ассоциация (биологияда)

Википедия дан

Ассоциация (биологияда) - өсүмдүк жамаатын, башкача айтканда фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мисалы, Кыргызстандын талааларында акшыбак ассоциациясында акшыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша ассоциациянын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Aл андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1