Ассоциация (химия)
Ассоциация (химияда) – бирдей же жаратылышы б-ча жакын молекулалар эритмелерде салыштырмалуу туруксуз топтор – ассоциаттар (димерлер, тримерлер ж. б.) пайда кылат. Аларда молекулалар суутектик байланыш, ван-дер-ваальс, диполь-диполдук ж. б. күчтөр менен байланышкан ассоциациялык эритмелер физикалык-химиялык касиеттерине таасир этет. Мисалы, суутектик байланыштын натыйжасында молекулалар өзүнөн өзү ассоциацияланышынын негизинде суюк суудагы муз сыныктарынын структурасы сакталып калышы менен шартталат, бул суюк суунун бир катар аномалдуу касиеттерине себеп болот. Электролиттер эритмесиндеги иондор ассоциациялык иондук жуптар, тримерлер пайда болушу алардын заряддарынын электростатикалык өз ара аракеттенүүсү жана сольватташуусу менен шартталат. Иондук жуптар тийишкен жана сольват менен бөлүнгөн болушат. Иондор ассоциациялык процесстери массанын таасир этүү законуна жана термодинамикалык катыштарга баш иет. Иондор ассоциациясы алардын зарядына, радиусуна, электрондук катмарлары түзүлүшүнө жана ошондой эле эриткичтин диэлектрлик өткөргүчтүгүнө, анын молекулаларынын электрон донор жана электрон акцептор касиеттерине көз каранды. Диэлектрлик өткөргүчтүгү төмөн эриткичтерде жүздөгөн жана миңдеген иондордон турган кластердик түзүлүштөр кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1