Астатикалык өлчөө прибору

Википедия дан

Астатикалык өлчөө прибору - өлчөөчү механизми кыймылдуу бөлүгүнүн абалына (прибордун көрсөтүүсүнө) сырткы бир тектүү магнит талаасы таасир этпегидей жасалган электр өлчөгүч. Бул прибордо эки бирдей кыймылдуу бөлүгү өзара бириктирилип жалпы окко орнотулган (мисалы, электр-магниттик түрмөк) магнит талаасы ага таасир этип, бир учурда өз ара карама-каршы багытталган айландыруучу моментти пайда кылып, системаны тең салмактап турат. Бул прибор амперметр, вольметр, ваттметрден турат. Астатикалык өлчөө прибору көбүнчө турактуу жана өзгөрмө ток тизмегинде тажрыйбалык өлчөөлөрдү жүргүзүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1