Астигматизм

Википедия дан

Астигматизм – оптикалык системалардын аберрациясынын бири: Астигматизмде сфералык толкун оптикалык системадан өткөндө негизги окто жатпаган чекиттин сүрөттөлүшү чекит эмес, ар башка тегиздикте жайгашкан өз ара перпендикуляр эки түз сызык түрүндө көрүнөт.

Ал эки тегиздиктин ортосунда чекиттин сүрөттөлүшү эллипс (бирөө–шар) түрүндө болот. Астигматизм оптикалык система симметриялуу эмес болгондо же нурлар линзанын оптикалык огуна өтө кыйгач түшкөндө байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]