Астрахань

Википедия дан

Астрахань - Россия Федерациясындагы шаар, Астрахань облусунун административдик борбору. Волга дарыясынын дельтасында жайгашкан. Волга менен Каспийдеги маанилүү порт. Калкы 501,3 миң (2005). Темир жол тоому. Башкы өнөр жай тармактары: жеңил, тамак-аш (анын ичинен балык), машина куруу жана металл иштетүү (кеме куруу жана ремонттоо, тепловоз ремонттоо), химиялык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы өнүккөн. Темир жолдон деңиз жана дарыя транспортуна жүк (негизинен жыгач материал жана нефть) өткөрүү жана жүк алуу пункту жайгашкан. Астраханьда 20 ЖОЖ (филиалдары менен), 3 театр, сүрөт галереясы, тарыхый-архитектуралык музей-корук бар. 13-кылымдан белгилүү. 16-кылымдын башында Астраханъ хандыгынын борбору, 1556-жылдан Орус мамлекетинин карамагына өткөн. Успенье жана Троица соборунан турган кремль (16-кылымдын аягы 17-кылымдын башы) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1