Асый

Википедия дан

Асый — 5-жылга караган бодо мал. Аны асый чыкма, жаңы асый же бир асый деп атаган; 6-жылга караганы эки асый деп аталган. Малдын жашын тиши аркылуу аныктоого болот. Көбүнчө жылкыга карата айтылат. Жылкы асый болгондо ортоңку кашка тиши түшүп, анын ордуна туруктуу кашка тиши чыгат. Жылкынын жашы улам жогорулаган сайын анын тишиндеги чуңкурлар жоюлат да, 10-12 асый да кашка тиштери 3 бурчтуу формага айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1