Асылбек Айдаралиев

Википедия дан

Айдаралиев Асылбек Акматбекович - (1941ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск шаары (азыркы Каракол)) - физиолог, медицина илимдеринин доктору (1977), профессор (1988), КРнын УИАнын академиги, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери, (1998) КРнын ыйгарым укуктуу элчиси.

КММИни бүтүргөн (1964). Кыргыз ССР ИАнын физиология жана эксперименттик патология институтунда, СССР ИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн Түндүктүн биологиялык проблемасы боюнча институтунун директору (1987-94). РИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн, «Арктика» эл аралык ИИБнын, ошондой эле Түндүк Чыгыш илимий борборунун төрагасынын орун басары болуп иштеген (1989-94). 1994-жылдан Кыргызстандагы Эл аралык университеттин президенти. 2001-жылдан КРнын президентинин алдындагы Too райондорун өнүктүрүү боюнча улуттук борбордун төрагасы. Илимий иштери экстремалдык абалдагы физиология, космос жана авиация медицинасына арналган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физиологические механизмы адаптации и пути повышения резистентности организма к гипоксии. Ф., 1978;
  • Адаптация к экстремальным факторам среды: опыт прогнозирование (в соавторстве). Л., 1987;
  • Экология человека на Крайнем севере (в соавторстве). Владивосток, 1996.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1