Мазмунга өтүү

Асылдандыруу жетишкендиктери

Википедия дан

Асылдандыруу жетишкендиктери – жарандык-укук коргоосунун өзгөчө объектиси болуп саналган жаныбарлардын тукуму, өсүмдүктөрдүн түрү. А. ж-не карата укук мыйзам тарабынан корголуп, патент ээсинин А. ж-н пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү патент аркылуу бекемделет. Патент коргоо жөндөмдүүлүгүнө жооп берүүчү жана КРдин Эл-аралык милдеттенмелерин эске алуу менен, тийешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бекитиле турган ботаникалык түрлөрү менен зоологиялык тукум тизмегине кирүүчү А. ж-не берилет. А. ж-нин коргоо жөндөмдүүлүгүнүн белгилери: а) жаңычылдыгы; б) айырмалуулугу; в) тукум куучулугу (өсүмдүк – түрлөрү, жаныбарлар – тукуму көбөйүү өзгөчөлүгү катары айрым четтеп кетүүлөрү эске алынуу менен, өз белгилери боюнча жетиштүү деңгээлде бирдей болууга тийиш); г) туруктуулугу. Эгер бир нече жолу көбөйгөндөн кийин же көбөйүүнүн өзгөчө айлампасындагы ар айлампанын аягында анын негизги белгилери өзгөрүлбөй калса, А. ж. туруктуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]