Ася (повесть)

Википедия дан

"Ася" - Иван Сергеевич Тургеневдин повести. 1857-жылы жазылып , 1858-жылы «Современник» журналынын биринчи санында (LXVII том) басылган .

Чыгарманын жаралышы жана прототиптер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тургенев повесттин үстүнөн 1857-жылдын июлунан ноябрга чейин иштеген.Чыгарманын жай темпте жазылгандыгынын себеби автордун оорусуна жана чарчаганына байланышты ("Современник" редакциясы повестти эртерээк чыгат деп күткөн ) .Тургеневдин өзүнүн айтымына караганда ,чыгарманын идеясы Гермпниянын Зинциг шаарында көргөн көзтирмемдик картинага байланыштуу:Биринчи кабаттагы терезеден карап турган улгайгай аял жана жогорку кабаттагы терезедеги жаш кыз .Тургенев алардын тагдырын элестетүүгө аракет кылат :ошентип "Асянын" идеясы жаралган .Башка тараптан алып караганда ,чыгарманын каармандары Зинцигеде аны зыяраттап келген сүрөтчү А.П.Никитинди (живопись менен алектенүү үчүн офицерлик карьерасын таштаган ) ,Сабуровдордун агасы жана карындаштарын элестетет .

Асинин прототиптери ,кыязы ,автордун үй-бүлөсүндөгү мыйзамсыз төрөлгөн 3 кыз болгон .Анын апасы Асяны же Аннаны ,Николай Николаевич Тургеневдин ( автордун агасы жана кароочусу ) никесиз төрөлгөн кызын ,тарбиялаган .Ошондой эле үйдө апасынын никесиз төрөлгөн кызы Варвара бар эле .Акыры,повесттин үстүндө иштөө убагында ,жазуучунун жоопсуз биринчи сүйүүсүнөн болгон никесиз кызы Полина азап тарткан .Полинанын башкы каарман менен окшоштугу анын төмөнкү тектен чыккан апасынын жана Полина Виардонун балдары менен болгон чатактан (ушул үй бүлөдө тарбияланган ) улам күчөйт .

Адабияттагы Асянын айкын прототиби -Гётенин "Кылмыштуу туугандык мамиленин жемиши "романындагы тарбия жана цивилизация менен бузулбаган ,укмуштуудай Миньона.Л.Н.Толстойдун "Согуш жана тынчтык " романындагы Наташа Ростова менен да окшоштурушат .

Чыгарманын сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуя белгисиз аңгемечи аркылуу баяндалат ( Н.Н мырза ) .Ал өзүнүн жаштыгын ,Рейндин жээгиндеги кичинекей З шаарчасында болгондугун эстейт .Бир күнү студенттер майрамындагы музыка жана үндөрдү угуп ,ал дарыянын аркы конушундагы Л шаарчасына барат .Ушул жерде каарман 2 орус адам менен таанышат : Сүрөтчү болууну каалаган жаш жигит Гагин жана өзүнүн карындашы деп тааныштырган Ася ( Анна ) менен .Ася бирде кубанса ,бирде кайгырат ,эксцентирлүү кыймылдарды жасайт (Гүлдөрдү суугаруу үчүн сепилдин урандыларына чыгат ) .Каарман Асянын Гагиндин карындашы экендигине шектене баштайт .

Бир канча күндөн соң Н.Н.Гагин менен ачык сүйлөшөт .Көрсө ,Ася чындыгында эле анын карындашы эмес экен .Гагинди 12 жашында Петербургдагы пансионго жөнөтүшкөн .Атасынын өлүмүнөн соң ,анын кызматкеринен болгон кызы Ася бар экендиги ачыкталат .Гагин өзү жалгы 13 жашар кызды тарбиялоосуна туура келет.Ал кызы бир канча жылга пансионго жиберет .Ошентип ,Гагин Ася менен чет өлкөгө кетмек болот .

Каарман Асяга терең боору ооруйт : ал белгисиз социалдык абалы кызда нервдик чыңалууну пайда кыларын түшүнөт .Акырындан ал Асяны жактыра баштайт .Ася ага жолугуу тууралуу кат жөнөтөт .Карындашынын сезимдерин билген Гагин каармандан карындашына үйлөнүүгө макулдугун сурайт .Бирок өзүнүн сезимдеринде ишенимдүү эмес Н.Н. дароо макул боло албайт жана эгер жолугушуу болуп калса кыздын сезимдерин кабыл албаарын айтат .

Каарман менен Асянын жолугушуусу бургомистрдин жесир аялынын үйүндө болот .Түшүндүрүүдөн соң Ася анын кучагына атырылат ,бирок каарман кызды агасына айтып ,баарын бузганын ,эми алардын бактысы мүмкүн эместигин айтып күнөөлөй баштайт .Ася качып кетет .Каарман жана Гагин аны издейт .Акыр аягында каарман Асяны чындап сүйөрүн жана ага үйлөнүүнү каалашын сезет .Ал кийинки күнү эле агасынан кыздын колун сурайм деп ойлойт .Бирок кийинки күну Гагин менен Ася шаардан кетип калган болот .Каарман аларга жетүүгө аракет кылат ,бирок Лондондо алардын изи дым -дарек жоголот .

Каарман башка эч качан Асяны жолуктура албайт.Анын жашоосунда башка дагы көп аялдар болгон ,бирок азыр ,карылык менен өлүмдүн босогосунда ,ал бир гана Асяны чын дилинен сүйгөнүн түшүнөт .

Сын -пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тургенев тирүү кезинде эле бул повесть көптөгөн тилдерге которулган :немис ,англис ,швед ж.б.Ошондой эле бир канча французча котормолору болгон ,бирок Тургенев котормонун сапатына канааттанбай өзүнүн француз котормосун чыгарган.

Критика башкы каарманды "ашыкча " классикалык тип-чечкинсиз ,жашоодо өз ордун таба албаган каарман деп эсептейт."Асянын" баш каарманына Н.Г.Чернышевский " Орус адамы rendez-vous.Тургеневдин "Ася " китебин окуудагы ой -жүгүртүү "макаласын жарыялаган .

Экрандаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

•1971-жылы повесть боюнча венгер режиссёру Миклош Чаньи тарабынан телефильм тартылган .

•1977-жылы повесть боюнча Иосиф Хейфицем да ушул эле аталыштагы фильмин тарткан ,башкы каарманды Елена Коренева аткарган .

•1997-жылы повесть боюнча испан режиссёру Ксавьер Бермуд тарабынан "Нена "фильми тартылган .