Атабаев Өкүмбай

Википедия дан

Атабаев Өкүмбай (15.3.1942-ж.т., Терс айылы) - укук коргоо тармагынын көрүнүктүү кызматкери, милициянын подполковниги.

  • Фрунзе шаарындагы милициянын атайын окуу жайын (1973), СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүткөн (1980).
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1962-65).
  • 1965-68-жылдары Терек-Сай, Сумсар айылдарында шахтада,
  • 1969-жылдан ведомстволук эмес күзөт бөлүмүнүн инспектору, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө социалистик менчикти коргоо жана спекуляция менен күрөшүү бөлүмүндө ага инспектор,
  • 1970-73-жылдары Фрунзе шаардык ички иштер бөлүмүндө кызматкер,
  • 1973-76-жылдары Алай райондук,
  • 1976-79-жылдары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн социалисттик менчикти коргоо жана спекуляция менен күрөшүү бөлүмүндө ага инспектор,
  • 1979-80-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгында ага инспектор, 1980-81-жылдары Кадамжай районунун Хайдаркен поселгунда милиция бөлүмчөсүнүн начальниги,
  • 1981-82-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгында ага инспектор,
  • 1982-85-жылдары Кочкор-Ата милиция бөлүмчөсүнүн,
  • 1985-1992-жылдары Совет (Кара-Кулжа) райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.
  • 1992-жылдан адвокат.
  • Юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6