Атагелдиев Мунарбек Муңдукович

Википедия дан

Атагелдиев Мунарбек Муңдукович (7. 9.1949-жылы туулган, Фрунзе шаары) - скрипач. КРнын эл артисти (1993). П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин скрипка классын, Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1973) бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун скрипка классына кирген. Студент кезинде эле Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын академиялык симфония оркестринде скрипач, кийин концертмейстер. Оркестр коллективи менен бирге концерттерде композиторлор Л. Бетховендин, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П.Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин жана башка жана кыргыз композиторлорунун, обончулардын чыгармаларын аткарат. Москва, Ташкен, Алматы шаарларында, Африка, Түркия, Балтика мамлекеттеринде, эл аралык фестивалдарга катышкан. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1