Ричард Никсон: нускалардын айырмасы
м ImeNtrav moved page Никсон Ричард Милхауз to Ричард Никсон |
No edit summary |
||
1-сап: | 1-сап: | ||
''' |
'''Ричард Милхауз Никсон''' (9. 1. 1913, Калифорния штаты, Йорба-Линда — 22. 4. 1994, НьюЙорк) – АКШнын 37-президенти (1969–74). Уиттиер коллежин (1934), Калифорниядагы Дюка юридикалык университетин (1937) бүтүргөн. 2-дүйнөлүк согуш убагында АКШ аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Капитан-лейтенант наамында 1946-жылы АКШ Сенатында шайлоодо жеңип чыгып, Батыш Европа мамлекеттеринин экономикасын калыбына келтирүү боюнча Маршалл планын жана Тафта-Хартли мыйзамын иштеп чыгууга катышкан. 1947–50-жылы Калифорния штатынан АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, 1950– 53-жылыАКШ сенатору, 1953– 61-жылы Д. Эйзенхауэрдин администрациясында вице-президент, 1968–72-жылы республикалык партиядан АКШ президенттигине шайланып, аткаруу бийлигин борборлоштурган. Кытай, СССР жана башка социалдык өлкөлөр менен тыгыз кызматташкан. |
||
[[Категория:Инсандар]] |
[[Категория:Инсандар]] |
||
==Колдонулган адабияттар== |
==Колдонулган адабияттар== |
16 июль 2018, саат 20:57 учурдагы нуска
Ричард Милхауз Никсон (9. 1. 1913, Калифорния штаты, Йорба-Линда — 22. 4. 1994, НьюЙорк) – АКШнын 37-президенти (1969–74). Уиттиер коллежин (1934), Калифорниядагы Дюка юридикалык университетин (1937) бүтүргөн. 2-дүйнөлүк согуш убагында АКШ аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Капитан-лейтенант наамында 1946-жылы АКШ Сенатында шайлоодо жеңип чыгып, Батыш Европа мамлекеттеринин экономикасын калыбына келтирүү боюнча Маршалл планын жана Тафта-Хартли мыйзамын иштеп чыгууга катышкан. 1947–50-жылы Калифорния штатынан АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, 1950– 53-жылыАКШ сенатору, 1953– 61-жылы Д. Эйзенхауэрдин администрациясында вице-президент, 1968–72-жылы республикалык партиядан АКШ президенттигине шайланып, аткаруу бийлигин борборлоштурган. Кытай, СССР жана башка социалдык өлкөлөр менен тыгыз кызматташкан.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7