Арча: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
14-сап: 14-сап:


== Ботаникалык мүнөздөмө ==
== Ботаникалык мүнөздөмө ==
Бүчүрлөрү кабырчыксыз, (Кадимки арча - Juniperus communis)кээ бир учурларда эки жагынан кичинекей жалбыракчалар менен капталган. Ал эми сөөктү арчанын (Juniperus drupacea)бүчүрлөрү көптөгөн кабырчыктар менен оролгон. Жалбырактары үч - үчтөн биригип турат, ийне сымал, учтуу келишет, узун-ланцеттүү, үстүнкү жагында үттөр менен кошо тарамыштар орун алышкан.
Бүчүрлөрү кабырчыксыз, (Кадимки арча - Juniperus communis) кээ бир учурларда эки жагынан кичинекей жалбыракчалар менен капталган. Ал эми сөөктү арчанын (Juniperus drupacea)бүчүрлөрү көптөгөн кабырчыктар менен оролгон. Жалбырактары үч - үчтөн биригип турат, ийне сымал, учтуу келишет, узун-ланцеттүү, үстүнкү жагында үттөр менен кошо тарамыштар орун алышкан.

7 февраль 2011, саат 16:43 учурдагы нуска

Латинча аталышы - juniperus), кээ бир булактарда *joini-parus* «бүчүр байлоо», ал эми кельт сөзүнөн Jeneprus — «саюучу» дегенди түшүндүрөт. Бул жалбырактарынын ийне сымал болушу менен түшүндүрүлөт.

ТАРАЛЫШЫ жана ЭКОЛОГИЯСЫ

Бул ууруга киргендер Тұндұк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон жөнөкөй арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт. Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан токойлорду түзүп келишет. Буларды көбүнчө Борбордук Азиядан жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондшй эле Түштүк Американын түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып кургак жайларда өсүшөт. Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.

АРЧАЛАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ

Уруктар менен көбөйүшөт. Бирок уруктарын сепкенден кийин бир жылда өнүп чыгышат; Калемчелер менен көбөйүшөт; Тамырлары менен көбөйүшөт — көбүнчө жайылып өскөн арчалар; Кыйыштыруу менен көбөйүшөт — декоративдик арчаларды өстүрүүдө. Арчалар 600 жылга дейре жашашат. Жаратылышта кадыбына келүүлөрү кыйынчылык менен жүрөт.

Ботаникалык мүнөздөмө

Бүчүрлөрү кабырчыксыз, (Кадимки арча - Juniperus communis) кээ бир учурларда эки жагынан кичинекей жалбыракчалар менен капталган. Ал эми сөөктү арчанын (Juniperus drupacea)бүчүрлөрү көптөгөн кабырчыктар менен оролгон. Жалбырактары үч - үчтөн биригип турат, ийне сымал, учтуу келишет, узун-ланцеттүү, үстүнкү жагында үттөр менен кошо тарамыштар орун алышкан.