Мадалы уулу Бекназар

Википедия дан

Мадалы уулу Бекназар- 1916 жылы Сузак районунда туулган – кыргыз эл ырчысы (төкмө); Түштүктөн чыккан Барпы сыяктуу көптөгөн ырчылардын устаты. Диний терең билими болгондуктан, Молдо Бекназар деп аташкан. Оокаттуу үй-бүлөдө туулган. 12 жашынан ырдап чыккан. Жаш кезинен эле ырчылык атакка жетип, Түштүк кыргыздарына кеңири белгилүү болгон. Мектеп, медреселерден билим алып, бирок, бүткүл өмүрүн ырчылык менен өткөрүп, жан сактаган. Көрүнүктүү акын Бекназардын сөзгө алынбай, чыгармаларынын жыйналбай келишине биринчи кезекте молдолугу, экинчиден, бетке айткан көйкашкалыгы, айрыкча Алымбек датканын балдарына каршы сүйлөп, балдардын энесине сөз тийгизгени себеп болсо керек. Ошентсе да, жогоруда белгилегендей, айрым айтыштарынын басма бетинде жарык көргөндөрү, фонддо сакталып турган чыгармалары анын акындык кудурети болгонун көрсөтүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004