Атайын салыштырмалуулук теориясы

Википедия дан

Салыштырмалуулук теориясы - ар кандай физ. процесстердин мейкиндик-убакыт касиеттеринин физ. теориясы. Салыштырмалуулук теориясы. бардык физ. процесстер үчүн жалпы болгондуктан, көп учурда ал теория жөнөкөйлөтүлүп мейкиндик-убакыт касиеттери деп аталат. Салыштырмалуулук теориясы менен түшүндүрүлүүчү физ. кубулуштар релятивдик кубулуштар болушат. Алар нерсенин кыймылынын ылдамдыгы жарыктын вакуумдагы ылдамдыгына жакындаганда пайда болот. Салыштырмалуулук теориясы. А. Эйнштейн (1905) түзгөн эки постулатка таянат: 1) салыштырмалуулук принциби - ар кандай инерциялык эсептөө системаларында бардык физ. кубулуштар (мисалы, мех., оптикалык, электр-магниттик жана башкалар) бирдей шартта, бирдей өтөт; 2) вакуумдагы жарык ылдамдыгы туруктуу жана анын жарык булагынын ылдамдыгына көз каранды эмес. Бул эки постулат кандайдыр бир инерциялык системанын биринен башкасына өтүүгө мүмкүндүк берүүчү формуланы (к. Лоренц кайра тузуусу) аныктайт. Салыштырмалуулук теориясы мейкиндик менен убакытты бириктирет. Бирок убакыт физ., ал эми мейкиндик геом. чоңдук экенин ажыратуу максатында төрт өлчөмдүү мейкиндик-убакыт деп аталат. Бул түшүнүк аркылуу физика илимин жаныча түшүнүү жана үйрөнүү жолу ачылган. С. т-нан нерсенин массасы, анын энергиясы, ошондой эле өлчөмү алардын салыштырма ылдамдыктарына көз каранды экендигин, масса менен энергияны байланыштырган формула аркылуу чыгарып алабыз: Е=тс2. Мында т =. т

VI -»22

нерсенин массасынын ылдамдыкка (i>) көз карандылыгы, т0~ нерсенин тынч абалдагы массасы. Салыштырмалуулук теориясынын жогоруда айтылган закон ченемдүүлүктөрү тажрыйба жүзүндө толук далилденген Салыштырмалуулук теориясы анык дүйнөдөгү объективдүү процесстерди классикалык механикага караганда туура чагылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]