Атайын функция

Википедия дан

Атайын функцияматематиканын түрдүү бөлүмдөрүнүн, математикалык физиканын маселелерин чыгарууда көп кездешүүчү функциялардын классы. Атайын функция даражалуу катарлар, чексиз көбөйтүндү, удаалаш дифференциалоо, дифференциал, айырмалык интеграл ж-а теңдемелер, тригонометриялык катарлар жана башкалардын жардамы м-н аныкталышы мүмкүн. Атайын функциянын кыйла маанилүү классына бета-, гамма-, дзета-функциялар, гипергеометриялык, параболалык цилиндр функциялары Бессель, Лежандр, Ламе, Матье функциялары, интегралдык синус, интегралдык косинус, толук эмес гамма-функция, ыктымалдык интегралы, эллипстик интеграл, Римандын дзета-функциясы, автоморфтук функция ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1