Атайын функциялар

Википедия дан

Атайын функциялар - математикалык анализдин айрым тармактарында, математикалык жана физикалык маселелерди чыгарууда кездешүүчү функциялардын классы.

Атайын функцияларга: гипергеометриялык, шардык, цилиндрдик, сфералык жана Матье, Ламе функциялары кирет. Алар трансценденттик функциялар түрүндө да көп кездешет. Мис, эллипстик, гамма, бета жана дзета функциялары, интегралдык логарифм жана башкалар. Кийинки мезгилдерде Атайын Функциялардын өзүнчө теориясы да кеңири өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.