Атака

Википедия дан

Атака (фр. attague - кол салуу) - аскер бөлүктөрүнүн душманды талкалоо үчүн күжүрмөн кыймылын ок атуу менен айкалыштырган эпкиндүү аракети.

Атака аскерлердин ар кандай түрлөрүнүн бирдиктүү кыймылы менен жүргүзүлүп, душманды бетме-бет аткылап кыйратуу менен аяктайт. Жөө, танкалык, авиац., ядролук, атчандар Атакалары жана деңиз согушунда торпедалык Атака болушу мүмкүн. Согушту эң оор жана жооптуу мезгили Атака болгондуктан, ал солдаттар менен офицерлерден моралдык жогорку санатты, согуш куралдарын жана согуштук машыгууларды мыкты өздөштүрүүнү талап кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.