Атакара уулу Дункан

Википедия дан

Атакара уулу Дункан (1923-ж. т., Шиленкана айылы, Токтогул району) - согуштун жана эмгектин ардагери. Атамекендик согуштун катышуучусу (1942-45).

Согуштан кайткан соң, 1948-жылдан Шопоков атындагы колхоздо ферма башчысы, 1950-90-ж. ошол эле колхоздун башкармалыгынын төрагасы, совхоз уюшулгандан кийин совхоздун директору болуп иштеген.

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5