Аталгы

Википедия дан

Аталгы - бозо сүзгүч курал. Аны жасаш үчүн бир учу ачакей жалпак жыгачтын ортосу көзөлүп, ал аркылуу бир башына айдөшү түрүндө жылмаланган жыгач ашталган таякча өткөрүлөт. Ал таякчага жаа сыяктуу ийилген жумуру ичке таякчанын эки учуна байланган кайыш бир толгонуп оролот. Аны ары-бери тартканда жумуру таякча кыймылга келип, кездемеге куюлган шактын ширесин - бозо сүзүп чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1