Атараксия

Википедия дан

Атараксия (грек. ataraxia – толкундоонун жоктугу, кебелбестик) – Эпикурдун жана анын мектебинин философиясынын термини, адам умтулууга зарыл болгон идеалдуу чын-ыкластык абал. Кудайдын алдындагы коркунучтан, өлүмдөн, сырдуу-тигил дүйнөдөн кутулуу, табияттын түшүнүксүз кубулуштарынан, чектелген керектөөлөрдөн, коомдогу татаалдыктан алыс болуу аркылуу атараксияга жетүү белгиленген. Эпикур, Пиррон, айрыкча Демокрит атараксия ирээтинде көңүлү жай болгондукту, кушубактыкты, гармонияны, адамдар кооптонбогон ажайып жашоону түшүнүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8