Ата-Суу темир кендери

Википедия дан

Ата-Суу темир кендери - Казакстандагы Караганды облусундагы темир-марганец, барит-полиметалл кендери жайгашкан аймак. 1956-жылдан ачык казылып алынат. Кенташта 60ка жакын майда кендер кездешет. Кен девон, карбон мезгилдеринин жанар тоо ж-а терриген-карбонаттуу тоо тектеринен турат. Жайылма синклиналынын бир канатында жайгашкан. Жалпы узундугу 140 км, туурасы 10-30 км. Чалгындалган кендин жалпы запасы 538 млн о. Курамында Fe2O3 39-51,5% ; кенташтагы Mn 15-40%. Темир-марганец кендеринин ирилери Каражал, Кытай, Жейрем, үчкатын III, Жомарт, Камыш, Кереге–Таш, Беш-Төбө, Кылыш ж-а Аккудук. Кенташтардан алынган чийки зат Казакстандын кара ж-а түстүү металлургия өнөр жайларында иштетилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1