Ата-энелик укуктар жана милдеттер

Википедия дан

Ата-энелик укуктар жана милдеттер - ата-энелердин балдарын эресеге жеткиче тарбиялап, чоңойтуудагы укуктары ж-а милдеттери. Алар КРнын Конституциясында ж-а үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өз ара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабастан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу м-н атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө м-н сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, ошондой эле бала м-н жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, ошондой эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө мплдеттүү (к. Алимент). Балдарын тарбиялоо б-ча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелпк укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө м-н сот тартибинде чечилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1