Ателектаз

Википедия дан

Ателектаз (гр. ateles - толук эмес, ektasis - керүү) - өпкө ткандарынын ыйлаакчаларында абанын такыр же жарым-жартылай жок болуп, көлөмүнүн кичирейип жыйрылышы.

Организмде аба алмашуу негизинен өпкөнүн майда баштыкчаларында (альвеола) өтөт. Аба өтүшүнө тоскоол болуучу шарттардын натыйжасында абасыз калган альвеолдор кичиреет. Бала курсакта өсүү мезгилинде өпкө менен дем албагандыктан, альвеолдор жыйырылган абалда болот. Бала төрөлгөн учурда айрым себептерден (дем алуу кыймылынын начарлыгы, өпкөнүн аба түтүктөрүнүн бүтөлүп калуусу ж. б.) альвеолдорго аба барбай, алар жазылбай жыйрылган бойдон калат. Ателектаз өпкө сезгенгенде, анын кабына (плевра) суюктук толгондо, аба түтүктөрүнүн кысылуусунан же бүтөлүп калуусунан пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.