Атерoсклероз

Википедия дан

Атерoсклероз - (гр. athera - ботко, sklerosis берч), кан тамырдын өнөкөт оорусу. Артерия кан тамырларынын ички бетине холестериндин катмарланышы, өзгөчө липид майынын алматуусунун бузулушу атерoсклерозго алып келет. Мында кан тамырдын ички бетине түрдүү майлар көп топтолуп фиброздуу ж-а берчтенген томпокчолор, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. Артерия кан тамырларынын ички катмары - интима калыңдап, бузулуп, тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан м-н камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин бузулушу, коомдук-социалдык факторлор, илим м-н техниканын өнүгүшү, кайгыруу, капа болуу, стресс абал, о. эле тукум куума, улуттук өзгөчөлүктөр да анын өөрчүшүнө түрткү берет. атерoсклероз дун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт: оорунун башталышы (оору белгилери билине элек кез); оорунун күчөшү (оорунун белгилери ачык билинет). Атерoсклероздун башталышын билүү өтө кыйын. Анда айрыкча мээ, жүрөк, бөйрөк, бут кан тамырлары жабыркайт. Мээ кан тамырларынын атерoсклероз унда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт, оорулунун башы айланып, салмактанат, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикасынын бузулушуна алып келет; себепсиз кыжырланат, жүрүш-турушу өзгөрөт, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эң оор кабылдоосу - мээге кан куюлуу (инсульт). Жүрөк кан тамырынын атерoсклерозунда алардын тарышынан жүрөк булчуңдарын кан м-н жабдуу жетишсиз болуп, натыйжада көкүрөк же жүрөк туш катуу ооруйт. Оорулуу өтө чарчаганда же капаланганда, кээде тынч абалда деле сол кол м-н далы же моюндун сол жагы ооруйт. Бул ооруга жаштын улгайышы, холестерини көп азыктар (мээ, бөйрөк, жумуртканын сарысы, балык икрасы ж.б.) м-н тамактануу, борбордук нерв системасынын бузулушу, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу ж.б. түрткү болот. Ошондой эле акыл эмгеги м-н иштегендер, эркектер көбүрөөк жабыркайт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, эмгек ж-а эс алуу режимдерин туура пайдалануу, дене тарбия ж-а спорт оюндарына катышуу, таза абада болуу чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1