Аткаруучу механизм

Википедия дан

Аткаруучу механизм - автоматтык жөндөө ж-а башкаруу системасынын түзүлмөсү; мында башкаруу объектисинин жөндөөчү органын механикалык которууну (же бурууну) түздөн-түз ишке ашырат. Керектелүүчү энергиянын теги б-ча гидравликалык, пневматикалык, электрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Ал кыймылдаткычтан, кыймыл өткөргүчтөн, кабар берүүчү, текшерүүчү ж-а ажыратуучу элементтерден турат. Электрдик кубаттуулугу 10-1000 Втка жетет. Пневматикалык Ат. м. 6 кг/см2, гидравликалыгы - 30 кг/см2ка чейинки басым м-н иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1