Атмосферадагы абадан атайын пайдалануу

Википедия дан

Атмосферадагы абадан атайын пайдаланууКРде табигый мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун бир түрү, өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосферадагы абаны пайдалануу. Кен-байлыктарды казып алуу жана аларды кайра иштетүү, жардыруу жумуштары, калдыктарды жайгаштыруу жана пайдалануу иш-аракеттери атмосферадагы абаны сактоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу менен бирдикте жүргүзүлүүгө тийиш жана бул чаралар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылуусу керек. Эгер атмосферадагы абаны сактоо боюнча белгиленген талаптарга жооп бербесе жана көзөмөлдөөнүн техникалык каражаттары менен камсыздалбаса, ачылыштарды, ойлоп табууларды, ойлоп табуучулук сунуштарды, жаңы техникалык тутумдарды, заттарды жана материалдарды өздөштүрүүгө жана өндүрүшкө киргизүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдөн технологиялык жабдууларды алып келүүгө тыюу салынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]