Атмосферадагы абаны санитардык коргоо

Википедия дан

Атмосферадагы абаны санитардык коргоо - калк жашаган жерлердеги абанын булганыш себептерин ачууга, анын организмге тийгизген терс таасиринин калдыктарын жоюуга, санитардык норматив түзүүгө багытталган чаралар.

Составында кремний кычкылы (Si02) бар чаң өпкө ткандарын катыра турган өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Уулуу газдар организмди ууландырат, 3, 4 бензпирен өпкөдө зыяндуу шишиктин пайда болушуна көмөк берет. Атмосфера абанын такай чаңдап турушу ошол абанын тунуктугун төмөндөткөндүктөн, организм үчүн өтө пайдалуу ультра кызгылт көк нурлардын жерге түшүшү азаят. Атмосферадагы абаны санитардык коргоо чаралары: өнөр жай ишканаларын курууда жердин жана жерг. климаттын шарттарын эске алып, туура жайгаштыруу, калк жашаган зонаны туура пландаштырып жашылдандыруу, өнөр жайларды автоматташтырууда өндүрүштүк процесс учурунда бөлүнүп чыгуучу айрым зыяндуу заттар башка жакка тарабагандай кылып, ал заттарды тазалоочу жабдыктар орнотуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.