Атмосферадагы жана гидросферадагы турбуленттүүлүк

Википедия дан

Атмосферадагы жана гидросферадагы турбуленттүүлүк - аба жана суу агымдарындагы айрым бөлүктөрдүн кыймылынын иретсиздиги. Атмосферадагы абанын жана океан менен деңиздеги суунун агымдарында, алардын кээ бир бөлүктөрүнүн алмашуусу законченемдүү кыймылда эмес, иретсиз татаал траектория боюнча жүргөндүктөн, кыймылдагы катмарлардын интенсивдүү буркандаган аралашуусун пайда кылат (к. Турбуленттүүлүк). Үндүн абада таралбай калышы, жылдыздардын жымыңдашы, учуп бара жаткан самолёттун ылдый түшүп кетүүсү турбуленттүүлүк менен түшүндүрүлөт. Турбуленттүүлүктү изилдөө айрыкча шаарларды куруу пландарын иштеп чыгууда (шаардын үстүндө түтүндүн же чаңдын аз турушу, түтөтүүлөрдүн жардамы менен өсүмдүктөрдү үшүктөн сактап калуу жана башка маселелерди чечүүдө) чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1