Атмосферадагы иондор

Википедия дан

Атмосферадагы иондор - атмосферадагы электр менен заряддалган бөлүкчөлөр. Алар Күндүн ультра-кызгылт-көк корпускулярдуу жана радиоактивдүү космостук нурлардын таасиринен пайда болот. Мында газ молекуласына ионизатордун энергиясы таасирин тийгизип, анын атомундагы сырткы электрондун бирин бөлүп ажыратат. Натыйжада бош электрон менен оң заряддалган молекула келип чыгат. Бош электрон нейтралдуу молекулалар менен тез биригип, терс иондорго айланат. Бирок мындай мономолекулалуу иондор узакка жашай албайт. Ага газдын нейтралдуу молекулалары кошулат да, туруктуу молекулага өтөт. Аны «жеңил» ион дейбиз. Жеңил иондор кыймылда болуп, атмосферада кездешүүчү суюк же катуу бөлүкчөлөргө жабышып, оор ионго өтүп кетет. Атмосферадагы иондун пайда болушу жергиликтүү жана метеорологиялык шартка байланыштуу. Жер бетиндеги 1см3 таза абада 500-1000 жеңил ион болот; алардын оң заряддалганы терс заряддалганынан 10-20% көп. Иондордун топтолушу түрдүү географиялык пункттарда түрдүүчө, ал сутканын жана жылдын ичинде өзгөрүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1