Атмосферадагы конвекция

Википедия дан

Атмосферадагы конвекция - аба көлөмүнүн бийиктик боюнча өйдө-төмөн алмашуусу. Ал атмосферадагы температуранын айырмасына байланыштуу болуп, жылуу абанын тыгыздыгы айлана-чөйрөсүнө караганда төмөн болгондуктан, ал эми жогору карай, муздак абаныкы жогору болгондуктан, төмөн карай умтулуу мыйзамы менен түшүндүрүлөт. Абанын алмашуусу көбүнчө тропосферанын төмөнкү жана жогорку катмарларынын ортосунда пайда болот. Атмосферадагы конвекция жүрүп турган кезде, аба агымынын жер бетинен көтөрүлүүсү байкалат. Андагы абанын көтөрүлүү ылдамдыгы 20 м/сек, кээде андан жогору. Мындай жерлерде чагылгандуу булуттар пайда болуп, нөшөрлүү жамгыр жаайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1