Атмосфералык электр

Wikipedia дан

Атмосфералык электр - 1) атмосферадагы электр кубулуштары менен процесстеринин жыйындысы; 2) атмосфера физикасынын атмосферадагы электр кубулуштары менен касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. Атмосфералык электр атмосферадагы электр талаасын, молекулалардын иондошуусун, өткөргүчтүгүн, андагы электр тогун, көлөмдүк заряддарды, булуттар менен жаан-чачын заряддарын, чагылганды жана башка кубулуштарды изилдейт. Атмосферадагы электр талаасын тропосферадагы булут, жаан-чачын, туман, чаң жана башка электр менен заряддалып пайда кылат. Жер терс (өлчөмү 3Ш05к), атмосфера жалпысынан оң заряддалган. Бирок жаан-чачында, бороондо, айрыкча чагылгандуу жаанда электр талаасынын чыңалуу багыты жана чоңдугу кескин өзгөрүлүп, кээде 1000 В/мге жетет. Электр талаасынын чыңалуусу ортоңку кеңдикте жогорку деңгээлде болуп, Түндүк, Түштүк уюлдарда төмөндөп, убакытка карата өзгөрүп турат. Атмосферанын электр өткөргүчтүүлүгү. Ал атмосферанын электрдик абалы, анын электр тогун өткөрүшүнө байланыштуу. Ал атмосферада иондордун, башкача айтканда заряддуу бөлүкчөлөрдүн болушу жана алардын кыймылы менен түшүндүрүлөт. Абанын электр өткөргүчтүүлүгүн атмосферадагы бардык эле иондор пайда кылат, бирок оор иондордун кыймылы жеңилдерине караганда бир канча эсе жай болгондуктан, алардын өткөргүчтүгү начар болот. Аба канчалык таза болсо, же деңиз деңгээлинен канчалык бийик турса, электр тогун ошончолук жакшы өткөзөт. Анткени мында иондор көбөйүп, алардын кыймылдоосу артат. Атмосферанын электр өткөргүчтүүлүгү өтө кичине, аны жакшы изолятор өткөргүчтүүлүгү м-н салыштырууга болот. Жер үстүндөгү абанын электр өткөргүчтүүлүгүнүн орточо мааниси 2 Ш0-14 сим/м. Космостук нурлар, радиоактивдүү заттардын нурлануусу, Күндүн ультра-кызгылткөк жана корпускулярдык нуру - атмосферанын негизги иондоштургучтары. Электр талаасынын чыңалуусунан иондор козголуп, атмосферада төмөн карай тик багытталган электр тогу пайда болот. Бүткүл жер бети боюнча анын өлчөмү 1800 Аге жетет. Бир чагылгандуу булуттан Жерге түшкөн токтун күчү орто кеңдиктерде 0,01-0,1 А, экваторго жакын аймактарда 0,5-1 Аге чейин болот. Булуттардын өзүндөгү токтун күчү Жерге өткөн токтун күчүнөн 10-100 эсе чоң. Жер шарында бир эле мезгилде 1800гө жакын чагылган болуп, андагы токтун күчүнүн жалпы суммасы 1000 Аге чейин жетет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1