Атмосфераны санитариялык коргоо

Википедия дан

Атмосфераны санитариялык коргоо - калк жашаган аймактагы абаны зыяндуу заттардан коргоого багытталган мыйзамдуу, санитардык-техникалык жана уюштуруу чаралары. Ал абанын булгануу себептерин изилдөөгө, ага каршы күрөшүүгө, анын организмге терс таасирин жоюуга, санитардык норматив түзүүгө багытталат. Абаны санитардык коргоонун комплекстүү чараларына төмөнкүлөр кирет: өндүрүштө калдыксыз жана аз калдыктуу технологияларды колдонуу; калк отурукташкан жер менен өнөр жай аралыгында коргоо зонасын сактоо, өнөр жай ишканаларын курууда жердин жана жергиликтүү климат шарттарын эске алып, туура жайгаштыруу; калк отурукташкан жерди туура пландаштыруу жана жашылдандыруу; өнөр жай өндүрүш процессинде бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттарды абага таратпай чыпкалоочу жабдыктарды орнотуу, өндүрүш ишканаларын, турак жайларды электрлештирүү жана газдаштыруу, бензин, дизель менен жүрүүчү машиналарды электромобиль, троллейбус менен алмаштыруу жана башка Атмосфералык абанын тазалыгына, ошондой эле тазалооочу жабдыктардын иштешине, зыяндуу заттардын абадагы концентрациясы гигиеналык чектелген нормативден ашпоосуна санитардык-эпидемиологиялык кызмат көзөмөл жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1