Атмосфера оптикасы

Википедия дан

Атмосфера оптикасы - атмосфера физикасынын жарык нурларынын абада чачырашынан, сиңирилишинен, сынышынан, чачылышынан жана дифракциясынан пайда болгон оптикалык кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Адамдын көрүү сезими аркылуу кабыл алынуучу абадагы көрүнүш атмосферадагы оптикалык кубулуштар деп аталат. Аларга асмандын жарык болушу жана анын шоолалары, таңдын атышы, күүгүмдүн кириши, жылдыздардын жымыңдашы, мираж, мунарык, гало, көк желе, уюлдук жаркыроо жана башкалар кирет. Атмосферадагы нур энергиясынын негизги булагы - Күн (к. Актинометрия). Жарык нурлары жеке гана күндөн келбестен, ал жылдыздардан, жер бетинен, атмосферанын жогорку кабаттарынан бөлүнүп чыгат (мисалы түнкү асман жарыгы, уюлдук жаркыроо жана башка). Бул кубулуштарды аэрономия изилдейт. Абада ар дайым аэрозоль күкүмчөлөрү (чаң, суу тамчылары, муз кристаллдары жана башка) болот. Мындай кошундулар асмандын тунуктугун начарлантат. Сиңген нур атмосферанын жылуулук режимине таасир тийгизет. Абадагы суу тамчыларынын өлчөмү температура менен нымдуулукка жараша болгондуктан, асмандын өңү да аларга байланыштуу. Күндүн нуру жерге же океандын бетине түшкөндө, бир бөлүгү сиңип, калганы чагылат. Кыртыштын температурасы сиңген нурдан пайда болот. Жер бетинен чагылган нур кайра атмосферага өтүп, аба-ырайына таасир тийгизгендиктен, климат өзгөрүп турат. Жарыктын жаан тамчыларынан чагылышы, сынышы жана дифракциясы көк желе түрүндө көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1