Атмосфера температурасынын инверсиясы

Википедия дан

Атмосфера температурасынын инверсиясы – жер бетинен бийиктеген сайын атмосферадагы аба температурасынын жогорулашы. Инверсия көбүнчө атмосферанын бир катмарынын экинчисине өткөндөгү чегарада байкалат. Анын калыңдыгы 10-1000 мге жетет. Инверсия катмарында температуранын көтөрүлүшү 15-20°Сге жетип, кээде андан да ашат. Абанын түн ичинде муздашынан улам радиациялык инверсия келип чыгат. Атмосферанын жогорку катмарында аба массасынын которулушунан кысылган инверсия байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1