Атмосфера физикасы

Википедия дан

Атмосфера физикасы - атмосферада болуучу физикалык кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атмосферада жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атмосферадагы оптикалык, электрдик, акустикалык жана башка кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физикалык же анализдик жолдор менен аныктайт. Атмосфера физикасы метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1