Атомдорду тамгалоо ыкмасы

Википедия дан

Атомдорду тамгалоо ыкмасы, изотоптук индикаторлор методу - илимде жана техникада ар кандай изилдөөлөр үчүн тамгаланган атомдорду (изотоптук индикаторлорду) колдонуу жолу.

Атомдорду тамгалоо ыкмасы элементтердин жана алардын кошулмаларын ар кандай процесстерде жылып жүрүү жолун текшерген учурда колдонулат. Мис, өсүмдүктү радиоактивдүү көмүртеги (С1") бар көмүр кычкыл газдуу абада өстүрсө, тамгаланган атомдору бар органикалык заттын пайда болуу процессин жана ал заттын өсүмдүктүн ткандарына таралышын жана топтолушун башынан аягына чейин байкоого болот. Атомдорду тамгалоо ыкмасы биологиялык, медицина, биохим., агробиологиялык изилдөөлөрдө жана техникада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.