Атомдук-флуоресценттик анализ

Википедия дан

Атомдук-флуоресценттик анализ (атом-флуоресценттик спектрометрия) – флуоресценциянын атом спектрлеринин элементтик сандык анализинин методу. Анализге алынган зат үлгүсүн атомдук бууга айлантат жана флуоресценцияны дүүлүктүрүү үчүн айрыкча нур менен ошол гана аныкталуучу элементти кабыл алгандай денгээлде нурландырат (нур толкун уз. ошол атомдун электрондук өтүү энергиясына туура келет). Козголгон атомдордун бөлүгү спектрофотометрде регистрациялануучу жарыкты – аналитикалык сигналды чыгарат. Көпчүлүк учурда сиңирилген жана чагылган жарык толкун уз. бирдей болгон резонансттык флуоресценция колдонулат. Бул сандык анализ негизинде J=Jоew(1-eкс)/4p жатат, J жана Jо-аналитикалык сигнал итенсивдүүлүгү жана козгоо булагы, e-энергетикалык чыгыш, w-флуоресценция чогулган бурчу, с-элемент концентрациясы, к- сиңирилген жарыкты мүнөздөгөн коэффициент, p=3,14. Үчтөн кем эмес стандартуу үлгүнүн интенсивдүүлүгү жардамы менен lgJ-lgc координатындагы градуирлөөчү график түзүлөт. А.-ф. а. 65 жакын элементтер аныктоого болот; аныктоо чеги (кургак затта) 10-6-10-8 % жана 10-3 нг/мл (эритмеде) чейин жетет. Бул методдун жогорку селективдүүлүгү, атомдук флуоресценция өтө ичке сызыктуулугуна жана бир эле убакта бир нече элементти аныктоого мүмкүн экендигине негизделген. Ал тоо-тектер, топурак, болот, куймалар, нефти, азык-түлүк продукциялар, биологиялык объектилер (кан, заара) ар түрдүү хим. бирикмелер о.эле атмосфера үстүнкү катмарындагы элементтерди дистанциялык аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]