Атомдук кагылыштар

Википедия дан

Атомдук кагылыштар – ядронун курамын жана түзүлүшүн өзгөртпөөчү эки атом бөлүкчөлөрү (атом, молекула, электрон же ион) кагылышуусундагы жөнөкөй аракет.

Атомдук кагылыштар серпилгичтүү жана серпилгичтүү эмес болуп бөлүнөт. Серпилгичтүү Атомдук кагылыштарда кагылышкан бөлүкчөлөрдүн жалпы кинетикалык энергиясы мурункусундай калат – алар бөлүкчөлөргө гана бөлүштүрүлөт, ал эми бөлүкчөлөрдүн кыймылынын багыты өзгөрөт. Серпилгичтүү эмес Атомдук кагылыштарда кагылышкан бөлүкчөлөрдүн ички энергиясы жана ошого ылайык кинетикалык энергиясы да толук өзгөрөт. Ошондуктан атомдун электрондук абалы алмашат. Серпилгичтүү Атомдук кагылыштар газдардагы же начар иондошкон плазмадагы кубулуштардын берилишин аныктайт. Атомдук кагылыштардын сыналуучу бөлүкчөлөрү менен башка бөлүкчөлөрдүн чачыроо аракетинин эркин кыймылына тоскоолдук кылат. Диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициенттери ж. б. газдарды мүнөздөөчү коэффициентери ошол эле газдын атомунун же молекуласынын чоң бурчка чачыроосунун эффективдүү кесилиши аркылуу туюнтулат. Бөлүкчөлөрдүн жылуулук кыймылы учурунда атом же молекулалардын чоң бурчка серпилгичтүү чачырашынын кесилиши газдын кинетикалык кесилиши деп аталат; анын чоңдугу 10^-15 см^2, ал чөйрөдөгү бөлүкчөлөрдүн эркин кыймылдоосунун узундугу менен аныкталат. Кичине бурчка серпилгичтүү чачыроосу газдагы электр-магнит нурлануусунун берилүүсүнө таасир этет. Нурланган бөлүкчөлөрдүн башка бөлүкчөлөр менен эң начар өз ара аракети да таралуучу толкунду четтетет, б. а. анын фазасын же жыштыгын жылдырат. Атомдук кагылыштардын серпилгичтүү эмес процесстери ар түрдүү. Ар кандай лабораториялык шарттарда жана жаратылышта кездешүүчү кээ бир кубулуштарда атомдук кагылыштардын серпилгичтүү эмес түрү негизги ролду ойнойт. Мис., күндүн бетиндеги нурлануу суутектин электрондору менен атомдорунун ортосундагы чоң кагылышуулар аркылуу мүнөздөлүп, ал суутектин терс иондорун пайда кылат. Жарыктын газ-разряддуу булактарындагы негизги процесстерге электрондук кагылыштар менен атомду дүүлүктүрүүчү резонанстык лампалар, электрондор менен иондорду фоторекомбинациялоочу жогорку басымдагы лампалар кирет. Атомдук кагылыштардын түрдүү серпилгичтүү эмес процесстеринин эркин радикалдар, иондор, электрондор жана дүүлүккөн атомдор менен бирге Жердин атм-сынын көптөгөн касиеттерин аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]