Атомизм
Атомизм, атомистика - философиядагы жана табият таануудагы материянын атомдон ж. б. майда бөлүкчөлөрдөн тургандыгы жөнүндөгү философиялык окуу.
Атомизмдин өкүлдөрү дүйнөгө материалдык, көз карашты жакташып, мистикага жана динге активдүү каршы чыгышкан, дүйнөнү кудай же дух жараткан деген түшүнүктү төгүндөшкөн. Атомисттик идея байыркы индиялык материалисттердин - чарвактардын (б. з. ч. 4-2-к.) философиялык окуусунда орун алган. Кийинчерээк Атомизм байыркы грек материалисттери Левкипп, Демокрит, Эпикурлардын жана алардын жолун жолдогон рим философу Лукреций Кардын эмгектеринде толугураак өнүккөн. Атомисттер дүйнөнү кудай да, адам да жараткан эмес, ал түбөлүктүү, чеги жок бөлүнбөс материалдык чексиз майда бөлүкчөлөрдөн - атомдордон турат дешкен. Дин кызматкерлери материализмге каршы күрөш жүргүзүп, атомисттерди куугунтукка алышкан. Атомизм, К. Галилейбин, Бойлдун, Ньютондун, Ломоносовдун, Дальтондун, Буглеровдун, Менделеевдин эмгектеринде иштелип, материянын физикалык-хим. түзүлүшү жөнүндөгү теорияга айланган. Алгачкы атомисттер атом-материянын эң майда бөлүгүнүн акыркы чеги деген ойдо болушкан. Илимде радиоактивдүү нурдун (1895-96) жана электрондун (1897) ачылышы атомдун бөлүнбөстүгү жана физикадагы кризис жөнүндөгү эски көз карашты төгүнгө чыгарды. Азыр Атомизм материянын түзүлүшүндө молекулалардын, атомдордун, "элементардык" бөлүкчөлөрдүн бар экендигин, алардын түгөнбөс татаалдыгын, дайыма кыймылда болуп, бир формадан экинчи бир формага тынымсыз өтүп туруу мүмкүнчүлүгүн моюнга алат жана материянын акыркы бөлүкчөлөрү бар деген ойду четке кагып, аны сандык жана сапаттык жагынан чексиз деп эсептейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.