Мазмунга өтүү

Атом-суутектүү-ширетүү

Википедия дан

Атом-суутектүү-ширетүү - суутек менен ширетүү ыкмасы. Эки вольфрам электроддун (электр манжасынын) ортосундагы электрдик жаа жылуулуктун негизги булагы. Жаанын жогорку температурасынын (6000°Сге чейин) таасири астында суутек молекуласы (Н2) молекулалык абалдан атомдук (Н) абалга өтөт. Андан ары муздай баштаганда суутек кайрадан молекулага айланып, кошумча жылуулук бөлүү менен күйөт. Диссоциацияланган суутек металлды коргойт. Мына ошентип, дээрлик бардык металлдарды (жез жана жез кошулмаларынан башка) ширетүүдө бекем жана катуу жик салынат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1