Атом аралык өз ара аракеттешүү

Википедия дан

Атом аралык өз ара аракеттешүү - эркин абалдагы, о. эле бир же ар түрдүү молекулалардын, кристаллдардын ж. б. заттардын курамына кирүүчү атомдордун бири-бири менен өз ара аракеттешүүсү.

Коваленттик, иондук, металлдык, суутектик жана ван-дер-ваальстык аракеттешүү болуп бөлүнөт. Биринчи үч типтеги аракеттешүү молекулаларда, атомдук жана иондук кристаллдарда, металл менен куймаларда химиялык байланыштын пайда болушуна себепкер; суутектик аракеттешүү молекула ичиндеги же ар башка молекула ортосундагы электрдик терс эки атомдун арасына электрдик оң Н атому жайгашканда пайда болушу мүмкүн; ван-дер-ваальстык аракеттешүү молекула аралык өз ара аракетти шарттайт. Коваленттик, иондук, металлдык аракеттешүүнүн энергиясы ~10^2 кДж/моль, суутектик аракеттешүүнүкү ~10–50 кДж/моль жана ван-дер-ваальстык аракеттешүүнүкү–0,1–1 кДж/моль. Мындан тышкары кээде валенттик жана валенттик эмес өз ара аракеттешүүгө да айырмаланат. Коваленттик, иондук, металлдык аракеттешүү валенттикке, ал эми ван-дер-вальстык аракеттешүү валенттик эмес аракеттешүүгө кирет. Суутектик аракеттешүү начар валенттик же алардын ортосундагы абалды ээлеген аракеттешүү деп эсептелет.

Коваленттик аракеттешүү жанаша жаткан түгөй атомдордун валенттик электрондорунун жалпыланышынан пайда болот. Жөнөкөй газдардын (Н2, Cl 2 ж. б….) түрдүү бирикмелердин (H2O, NH2 ж. б.) молекулалары жана көп сандаган органикалык молекулалар (СН4,Н3С-СН3 ж. б.), атомдук кристаллдар (фосфор, күкүрттүн түрдүү модификациялары, графит ж. б.) коваленттик аракеттешүүнүн натыйжасында пайда болот.

Иондук аракеттешүү валенттик электрондун бир атомдон экинчисине өтүшү жана анын натыйжасындагы электрoстатикалык өз ара аракеттешүү менен шартталат. Мындай аракеттешүү металлдардын типтүү металлоиддер менен бирикмелери (мис; NaCI, CaCI2, Al2O3), о. эле иондук кристаллдар үчүн (NaCI, CsCI ж. б.) мүнөздүү. Иондук молекула жана кристаллдарда атомдордун аракеттешүүсү жарым-жартылай коваленттик мүнөздө болот. Мис., квант-механикалык эсептөөлөргө ылайык Na+Cl- молекуласында Na жана СI атомдорундагы заряд e электрондун зарядына эмес 0,8е ге барабар.

Металлдык аракеттешүү таза металлдар менен алардын бирикмелерине мүнөздүү жана металл торчосунда эркин кыймылда жүрүүчү өткөргүч электрондордун болушуна байланыштуу. Бул электрондор металлдардын оң заряддуу атомдору менен электр статикалык аракеттешүүдө болуп, аларды бири-бири менен бекем байланыштырат.

Суутектик байланыш электрдик терс зарядуу атомдордун (мис., О, N, F) ортосунда Н атому жайгашса пайда болот. Н атомундагы электрон протон менен начар байланышта болгондуктан электрондук тыгыздык көбүрөөк электр терс атомго жылышат. Натыйжада протон «жылаңачтанып», О... О, О... N ж. б. атомдордун ортосундагы аралык Н атому жок болгондогудай аралыкка жакындашуусуна жолтоо болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]