Атом ядросунун бөлүнүшү

Википедия дан

Атом ядросунун бөлүнүшү – атом ядролорунун бир нече (көпчүлүк учурда эки) жеңил ядрого бөлүнүү процесси.

Бөлүнгөн ядролор массаларынын чоңдугу боюнча бири бирине жакын. 1939-ж. О.Ган жана Ф.Штрасман уранды нейтрон менен бомбалаганда жегич жер элементинин ядросу (барий) пайда болорун аныкташкан. Л.Майтнер жана О.Фриш тин ядросу нейтрондордун аракетинен экиге бөлүнөрүн көрсөтүп, бөлүнүүнүн сапаттык түшүндүрмөсүн берген. 1940-ж. Г.Н.Флёров менен К.А.Петржак ядронун өзүнөн өзү бөлүнүү кубулушун ачкан. Ядро бөлүнүү формасына ээ болуш үчүн белгилүү энергияны сарптап потенциалдуу тоскоолдукту жеңүүгө тийиш. Бул энергияны ядро нейтрондон алат. Ядронун өзүнөн өзү бөлүнүүсүндө туннелң эффектисин пайда кылат. Оор ядронун массасы бөлүнгөн ядролордун массаларынын суммасынан көп. Массалардагы мындай айырма ядро бөлүнүү учурунда бөлүнүп чыккан энергияга барабар. Бул энергиянын кыйла бөлүгү бөлүнгөн бөлүктөрдүн кинетикалык энергиясына тете. Уран жана трансуран элементтери бөлүнгөндө пайда болгон энергиянын чоңдугу 200 МэВ. Бул бөлүктөр чөйрөдө тез токтотулуп, аны ысытат, анан жылуулук энергиясына айланат да ядро энергиясын пайдалануунун негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]