Атоочтук

Википедия дан

Атоочтук - этиштин кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп, грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук (зат, сын) да маанини туюнтуп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу формасы. Ал этиштик негизге -ган, -ар, -бас, -оочу/ уучу, -а, е, й + элек, -гыс ж. б. мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат (мисалы, Бийик өскөн гүл. Бирөө билгенди бирөө билбейт. Айыгар дарттын дабасы өзү табылат).

Атоочтуктар кыймыл-аракетти же ал-абалды заттын белгиси катары көрсөтүп, дайыма атооч сөздөр менен айкашып, аларды аныктап келет.

Атоочтукту уюштуруучу мүчөлөр булар: -ган (-ген, -гон,-гөн, -кан, -кен, -кон, -көн), -ар (-өр, -ор, -ер), -бас (-бес, -бос,-бөс, -пас, -пес, -пос, -пөс), -оочу (-өөчү), -уучу (-үүчү), -чу (-чү).


Булардан башка да атоочтуктарды уюштуруучу айрым мүчөлөр бар. Аналитикалык жол аркылуу чакчылдын -а, (-е, -ө, -й)формаларына элек деген сөздүн кошулушу менен да атоочтук жасалат.Атоочтуктар этиштин өзгөчө формасы болгондон кийин түзүүчү негиздер дайыма этиш уңгулардан болот. Мисалы: Топ кыздар элек, топ кыздар - сыланган сыпаа, сак куштар. (К.Сариева) Күйүт тартар кезимди билип келгин, кырк жигит, күч, кубатты кетирбей кирип келгин, кырк жигит.("Курманбек"). Берген маанилерине караганда, атоочтук сөздөрдө этиштерге жана атоочторго тиешелүү белгилер (касиеттер) болот.

Атоочтуктардын этиштик белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заттардын кыймыл-аракеттик, ал-абалдык белгисин билдиргени менен атоочтуктарда кыймыл-аракетти билдирүү касиети сакталып калат. Мисалы: Шукшурулуп көктөн жерге сайылган, күүлөнүүсү туу чокудан кайырган, барчынды көр бала барчын окшойбу, шаңшыгы курч, аскаларга жаңырган. (К.Сабыров) Айыгар оорунун дарысы өзү табылат. (Макал).

2-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атоочтуктарда этиштин мамиле маанилери сакталат. Мисалы: Алдыда сакал, муруту алынбаган, кабагы салыңкы, зор денелуу, алп киши турду. (Э.Турсунов) Туюк мамиле маанисиндеги атоочтук - алынбаган. Анын бул кыянатын дароо туюнган үй ээси колун бооруна алып жүгүнө берди. (С.Өмүрбаев) Өздүк мамиле маанисиндеги атоочтук - туюнган. Мен бара жаткан кезде Чоңкол жыйналган топту койдой айдап жөнөп калган. (М.Элебаев) Туюк мамиле маанисиндеги атоочтук - жыйналган. Мына ушул Шакаптар, Көксерек аймагын ар дайым намазга түшүргөн имам. (С.Өмүрбаев) Аркылуу мамиле маанисиндеги атоочтук – түшүргөн.

3-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атоочтуктар чак маанилерин да көрсөтөт. Мисалы: Чартарабына кароол коюлган кыштак кызуу уйкуда. (С.Өмүрбаев) Атоочтук (коюлган) өткөн чак маанисин берип турат. Айтылар сөзүбүз, аткарылар ишибиз бар, мырзам. (Т.Касымбеков) Атоочтуктар (айтылар, аткарылар) келер чак маанисин берип турат

4-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атоочтуктар этиштик оң жана терс формаларда да айтыла берет, башкача айтканда, атоочтуктарга -ба мүчөсү жалганат. Мисалы: Көрүнгөн тоонун ыраагы жок. (Макал) Таптакыр мурда айтылбаган, ойго келбеген сөздөр айтылды. (К.Акматов) Атоочтуктун терс формасы анын -бас мүчөсү аркылуу да туюндурулат. Мисалы: Ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу. (Токтогул). Анткени, -бас (-ба-с) мүчөсүнүн тутумунда терс маани берүүчү -ба мүчөсү бар. Атоочтуктардын атооч сөз түркүмдөрүнө тиешелүү белгилери

Атоочтуктардын касиеттери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атоочтуктар атооч сөздөрдүн ичинен сын атоочторго жакын болуп, алар сыяктуу заттын белгисин, касиетин, сапатын билдирет, сын атоочтун суроолоруна жооп болуп түшөт. Мисалы: Жигиттин көөнү кубанат булкунган буудан ат менен. (Барпы) Саймалуу жүзаарчысын алып, манасчы маңдайынан чыбырчыктаган терди арчып, ордуна барып отурду. (Э.Турсунов) Атоочтуктар (булкунган, чыбырчыктаган) кандай? деген суроого жооп берип турат.

2-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атоочтуктар сын атоочтордой эле затташуу касиетине да ээ болот. Сүйлөмдө аныкталгычсыз келгенде атоочтуктар сан, жөндөмө, таандык категориялардын көрсөткүчтөрү менен өзгөрө берет. Мисалы: /ч атчан жакындаганда үч жигит тура калып аттарын алды да кермеге байлады. (Э.Турсунов) Атоочтук (жакындаганда) жатыш жөндөмөдө турат. Коштошуп колун кармашып, жакын калды жеңерге. ("Курманбек") Атоочтук (жеңерге) барыш жөндөмөдө келди. Бербестин ашы бышпас. (Макал) Атоочтук (бербестин) илик жөндөмөдө айтылып жатат.

3-касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сын атоочтордой эле атоочтуктар да синтаксистик жактан дайыма аныктоочтун милдетин аткарып, ыкташуу байланышы аркылуу байланышат. Мисалы: Алатоом аскасынан учурган, бүркүтүңдөй болууну эңсеп, самадым. (К.Сабыров) Кулпурган бойлор сиздики, кусадар жүрөк биздики. (Барпы).

Атоочтуктардын аткарган милдеттери :[түзөтүү | булагын түзөтүү]

●Атоочтуктар жак мүчөлөрүн кабыл алып, баяндоочтун да милдетин аткарат. Мисалы: Шаарды силерден мурда көргөндөрдөнбүз, байкеси. (Ш.Бейшеналиев).

●Затташкан учурда сүйлөмдүн ээси менен толуктоочунун милдетин да аткарат. Мисалы: Толубайда койчу болуп жүрүп, бир токтусун жоготконум үчүн үч күн арыкта сууга салып сабаганы да бар. (М.Элебаев) Атоочтук (жоготконум үчүн) толуктоочтун милдетин аткарды. Күн жарыгы тийгендей күлгөнү кызык баланын. (Жеңижок) Атоочтук (күлгөнү) ээнин милдетин аткарып келди.

Атоочтуктардын алгачкы маанилери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы кыргыз тилинде алгачкы мааниси боюнча атоочтук болуп, тилдин бара-барып өнүгүшүнүн негизинде заттык маанилерге биротоло өтүп кеткен сөздөр да бар. Алар азыркы учурда кыймыл-аракетти заттын белгиси катары билдирүүдөн таптакыр калып калган. Алардын сырткы түзүлүшундө атоочтук жасоочу мүчөлөрдүн даана көрүнүп, тутумдук бөлүктөргө оңой ажыратылып турганы менен кыймыл-аракеттик мааниден эч нерсе калган эмес. Буга азыркы кыргыз тилиндеги төмөнкү сөздөр кирет: капкан, тууган, чагылган, чапкын, жууркан, жазуучу, сатуучу, айдоочу, балтажутар, эчкемер, кабаган, сүзөгөн ж.б. Энчилүү аттар да бар: Аттокур, Төлөгөн, Сатылган, Муңайтпас, Токтогон, Бөрүбасар, Бээсыйбас ж.б. Атоочтуктардын жасалышы Жогоруда көрсөтүлгөндөй, атоочтуктарды уюштуруучу атайын грамматикалык каражаттар бар.

Атоочтуктардын өткөн чак формасы :[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-ган мүчөсү этиштик негиздерге жалганып өткөн чактык маанидеги атоочтукту жасайт. Муну атоочтуктун өткөн чак формасы деп да айтышат.

Чынында ал өтүп кеткен кыймыларакетти заттын белгиси катары көрсөтөт. Мисалы: Беделуу талаа тенен өрүкзардын ортолугунда буудай эгилген тектир жатат. (М. Гапаров) Көпкө ыраазы болбогон азга жетпей зар болот. (Жеңижок)

● -ган мүчөсү аркылуу жасалган атоочтуктар баяндоочтук милдет аткарганда дайыма өткөн чактык мааниде болот. Мисалы: Булардын баары кечээ эле айтылгандар. (К.Осмоналиев).

●Баяндоочтук милдет аткарган атоочтуктар көбүнчө адамзаттык зат атоочтор болот, же адамзатка тиешелүүлүктү билдирет: Булар окуусун жаңы эле бүтүргөндөр.

● -ган мүчөсү менен уюшулган атоочтук атооч маанисинде турса, андагы мезгилдик маани туруксуз болот, башкача айтканда, өткөн чак маанисин да, кайсы чак экени белгисиз болгон абстракттуу чак маанисин да билдире берет. Мисалы: Жакшы аялдын белгиси жашаган үйүн гүлдөтөт. (Жеңижок) Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт. (Токтогул).

Атоочтуктар (жашаган, көпкөн) аныктоочтук милдет аткарышып, өткөн чактык маанилерде келди. Аска башынан асмандын көгөргөн тилкеси чамгарактап көрүнгөнсүйт. (С.Өмүрбаев) Маңдайыңда жарашкан калем кашың, Арзыкан. (Барпы). Бул мисалдардагы атоочтуктар (көгөргөн, жарашкан) ошол сүйлөмдө аткарылган кыймыларакет, ал-абалдык процесс менен мезгилдеш маанилерде айтылды.

● -ган мүчөсү аркылуу уюшулган атоочтуктар аныктоочтук милдетте турганда кыймыл-аракеттик белгини мезгилге тиешеси жок билдириши да мүмкүн. Мисалы: Кеп бербеген такымчы болбогула, балдар ай. (Барпы) Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз. (Макал).

● -ган мүчөсү менен уюшулган атоочтуктар ээлик милдет аткарганда затташып турат да, мезгилдик касиетти билдирбейт. Мисалы: Ойлобой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат. (Макал) Күзүндө чыгынбаган кышында жылынбайт. (Макал).

● -ган мүчөлүү атоочтуктар затташкан учурда сан, таандык, жөндөмө мүчөлөрүн кабыл алат да толуктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Сүйлөгөндүн оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман. (Макал) Илик жөндөмөсүндөгү атоочтуктар (сүйлөгөндүн, ыйлагандын) аныктоочтун милдетин аткарды.Алтынды көрүп алданбай, алкымыңдан кармалбай ырдай билгин жакканга. (Барпы).

Барыш жөндөмөсүндөгү атоочтук (жакканга) толуктоочтун милдетин аткарып турат. Кожо келсе кой союп, алдын алып нан коюп, сыйлагандан эмесмин. (Барпы)

Чыгыш жөндөмөсүндөгү атоочтук (сыйлагандан) толуктоочтун милдетин аткарып турат. Буракжан, сен деп боздодум, боздогонум койбодум. (Барпы) Биринчи жакка таандык болуп, табыш жөндөмөсүндө турган атоочтук (боздогонум) тике толуктоочтун милдетин аткарып турат.

-ган мүчөсү менен жасалган атоочтуктардын татаал формалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-ган мүчөсү менен жасалган атоочтуктардын татаал формалары төмөндөгүдөй ыкмалар аркылуу уюшулат:

1-ыкма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-ган мүчөсү жардамчы (көмөкчү) этиштерге уланып татаал атоочтук болуп келет: уктап жаткан, сүйлөп отурган, көрүп билген, келип кеткен, билип билбеген, келип калган, ырдап берген; айта жүргөн, келе берген; окуй баштаган, сайрай алган, токуй берген ж.б. Мисалы: /нүн бийик чыгарып окуй баштаган ким?

2-ыкма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татаал этиштин түгөйлөрүнүн экөө тең -ган мүчөсу менен айтыла берет: көргөн-билген, жүргөн-турган, киргенчыккан, баскан-турган, келген-кеткен, жүргөн-турган, жазганжазбаган, окуган-окубаган ж.б. Мисалы: Көргөн-билгендер чыпчыргасын коротпой айтып келишти. («Ала Тоо»).

3-ыкма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи түгөйү атооч сөздөрдөн туруп да -ган мүчөсү менен татаал формалар уюшула берет. Мисалы: Анын капкара болгон кашы серпилип, өңү сүрдүү көрүнөт. (С.Сасыкбаев).

Атоочтуктун келер чак формасы :[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-ар мүчөсү.

-ар мүчөсү этиштик негиздерге жалганып келер чактык атоочтуктарды уюштурат. Муну атоочтуктун келер чак формасы деп да айтышат. Чынында мындай атоочтуктар али аткарыла элек кыймыл-аракетти заттын белгиси катары көрсөтөт. Мисалы: Кара кыз, мага күн барбы, кайгырбай жатар түн барбы? (Тоголок Молдо) Аштык айдар уулум бар, жибек созор кызым бар. (Фольклор).

~Алдыда аткарыла турган иш, кыймыл-аракет заттын белгиси катары көрсөтүлөт. Келер чактык жана күмөндүүлүк грамматикалык маанилер сакталат. Мисалы: Адам түгүл селдин да жолун тосуп койор алы бар, же ошо сел болуп каптап кетер да кубаты бар элдин. (С.Өмүрбаев) Буудайдын барар жери тегирмен. (Макал).

~Келер чактык грамматикалык маанилер сакталбай да калышы мүмкүн, бирок кандайдыр затка жалпы эле мүнөздүү болгон кыймыл-аракеттик жана күмөндүүлүк грамматикалык маанилер жоголбойт. Мисалы: Болор кулун желеде жулкунат, болор бала бешикте булкунат. (Макал) Барар жагың чамалап, басар жолуң камалап, кош канатты сабалап, кууп жетип асмандан, илип кетсем кантесиң? (Барпы) Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт. (Макал).

~ -ар мүчөсү менен уюшулган атоочтуктар затташып кетип, ээлик (Өсөр элди сыйлайт) жана толуктоочтук (Берерге бешимде кымыз) милдеттерди да аткарат. Мындай учурларда да келер чактык кыймыл-аракет жана күмөндүүлүк маанилер сактала берет.

Атоочтуктардын келер чактык терс маанилери :[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-бас мүчөсү.

Атоочтуктун -бас мүчөсү -ар мүчөсүнүн терс формасы болуп [-бас (-ба, -с)] эсептелет. Бул этиштик негиздерге жалганат да келер чактык терс маанилерди берет. Мисалы: Алыс созгон арканын адамда үмүт эмеспи, көкүрөктү өрттөгөн кетпес күйүт эмеспи. (Барпы) Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт. (Макал). -бас мүчөсү -ар мүчөсүнөн айырмаланып, кандайдыр күмөндүүлүк маанисин солгундатат, кээде таптакыр эле жоготуп, айкындык маани берип калат. Мисалы: Акыл - тозбос тон, билим – түгөнбөс кен. (Макал) Ок өтпөс тон кийгизип, ок жетпес ат мингизип, киши жүрүп эл билбес, Манасты тоого багалы. («Манас»).

-ар, -бас мүчөлөрү аркылуу уюшулган татаал атоочтуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-ар, -бас мүчөлөрү жалганган сөздөрдөн уюшулган татаал атоочтуктар да бар.

1) Көмөкчү этиштер менен айкашып келип атоочтуктун татаал формасын уюштурат: билип алар, бара берер, айтып көрөр, айта жүрөр, басып келбес ж.б.

2) Түгөйлөрүнүн биринчиси -ар, экинчиси -бас мүчөсү менен айтылып да атоочтуктун татаал формасы уюшулат: билинер-билинбес, көрүнөр-көрүнбөс, айтар-айтпас, келеркелбес, иштер-иштебес ж.б. Бул учурда заттын кыймыларакеттик же ал-абалдык касиети солгундап көрсөтүлөт. Мисалы: Болор-болбос иш үчүн ушунчалык капаланасыңбы? («Кыргыз руху»).

3) Биринчи түгөйү атооч сөздөрдөн болуп уюшулган келер чактык татаал атоочтуктар да бар: таң атар маал, үч жашар бала, жер карабас адам ж.б. Мындай формалардын көпчүлүгү биротоло заттык мааниге өтүп кеткен: кыз ойготор (күүнүн аты), беш атар (мылтыктын аты), эшик ачаар, төшөк салар (салттар), камчы чабар, орун басар (кызмат) ж.б.

Келер чактык атоочтуктар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-оочу(-уучу) мүчөсү.

Бул мүчө кыймыл атоочтун -оо (-уу) мүчөсү менен адат өткөн чактын -чу мүчөсүнүн биригишинен келип чыккан. Этиш уңгуларга жалганып келер чактык атоочтукту жасайт. Мисалы: Качырса талкан кылуучу канкор Манас каны бар, кыйратып кырып кетүүчү кырк чоросу дагы бар. («Манас»). Бул мүчөнүн тутумундагы созулма үндүүнүн бири көбүнчө түшүрүлүп айтылат. Мисалы: Көздөрүндө огу болсо атып жиберчүдөй!.. (Т.Абдумомунов) А менин ачуум келет ар кадамда, ачууну келтирчү иштер ар адамда. (О.Султанов)

■- оочу (-уучу) мүчөсү менен жасалган атоочтуктар келечекте иштелүүгө тийиш болгон кыймыл-аракетти заттын белгиси катары көрсөтөт. Мисалы: Бул айтылуучу кеп Шаршенбай кеби, ар нерсеге анын сонун эби. (А.Осмонов) Ары карай кетүүчү машинага булгаарыны жеткирип турат. (С.Сасыкбаев).

■Кайталанган же келечекте адат катары иштелүүгө тийиш болгон кыймыл-аракетти заттын белгиси катары көрсөтет. Мисалы: Чайга салып жутаар кезде, заар тилин куйкалоочу мен кыргыздын акыны. (А.Осмонов) Китепти окуп чыгып, көчүрүп алчу жерлерин белгилеп алды.

■Бул мүчө менен уюшулган атоочтуктардын ичинен затташып биротоло заттык мааниге өтүп кеткендери да бар: сатуучу, окуучу, байкоочу, тейлөөчү, тергөөчү, жазуучу, айдоочу ж.б. Мисалы: Жолоочунуи бул кандайча шылдыңы...(А.Осмонов).

■ -оочу (-уучу, -чу, -чү) мүчөсү менен уюшулган атоочтуктар синтаксистик жактан сүйлөмдүн ээсинин (Отурган ордунда үргүлөп кетүүчүлөр да табылды), баяндоочунун (Кыдырата отургандар - чайкоочулар), аныктоочунун (Жигит өлчү жерине күлүп барат) милдетин да аткарат. Кээде толуктоочтун да милдетин аткара берет: Тигиндей барып алчусун алды да, жолуна түштү.

Келер чактык атоочтуктар :[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-а (-е, -й) + элек мүчөсү.

Атоочтуктун бул формасы -а (-е, -й) мүчөлүү чакчылдарга элек деген жардамчы этиштин жалганышы аркылуу уюшулат.

~Мааниси боюнча ал ишке аша элек кыймыл-аракетти же алабалды заттын белгиси катары көрсөтүп, келер чактык атоочтуктар болушат. Мисалы: Тулаңынан дүйнөнүн күбүлө элек, мени максат соңунан издегипе. (К.Сариева). Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар. (Макал).

~Атоочтуктун бул формасы да затташып кетип, сан, таандык жана жөндөмө категориялары боюнча өзгөрө берет: түшүнө элек окуучу, али кете элегин белгилеп ал, айтыла элек ойлор, көргөнүңдөн көрө элегиң көп ж.б. Мындай өзгөчөлүктөрү менен алар сүйлөмдө ээ, баяндооч, аныктооч, толуктоочтордун да милдетин аткара алат.

~ -а (-е, -й) + элек болуп уюшулган атоочтуктар - татаал атоочтуктар, өзгөрген учурда булардын акыркы тутуму, жардамчы этиш элек гана өзгөрө берет: иштей электер да бар.

Аткарылышы ыктымал болгон атоочтуктар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-гыдай мүчөсү.

Этиштик негиздерге жалганып, аткарылышы божомол (ыктымал) кыймыл-аракетти заттын белгиси катары көрсөтөт. Мисалы: Балам, жөө жүргүдөй ал калбады менде. («Алатоо») Шаарда ары-бери басып тургудай машина сатып алдым. («Кыргыз Туусу»). Бул мүчөнүн тутумунда сын атооч жасоочу -дай мүчөсү бар, ошондуктан мындай формадагы атоочтуктарды сын атоочтордон ажырата билүү зарыл. -гыдай мүчөсүнүн милдети кээде -чудай мучөсү жана -а (-й) + турган формасы да аткара берет: кар жаагыдай, кар жаачудай, кар жаай турган; аткаргыдай, аткарчудай, аткаруучудай, аткара турган, аткара тургандай ж.б. Учур чактык атоочтуктар да бар. Алар адатта чакчылдын -ып формасына жат, тур, отур, жүр деген жардамчы этиштердин -ган мүчөсү аркылуу айкалышып келүүсү аркылуу уюшулат: уктап жаткан, айтып отурган, окуп жүргөн ж.б. Мисалы: Бала уктап жаткан кыздын жанына келди. (Жомок) Анын шаарда окуп жүргөн бир сулуу кызы бар. (М.Гапаров).

Кыргыз тилинде атоочтук маанилердеги байыркы айрым мүчөлөр да жолугат.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-мыш: Сурап алган жазмыш жолу аябай, камчы менен май сооруга чапкансыйт. (А.Осмонов).

-гыс: Анын күнөөсү ат көтөргүс. (К.Жантөшев) Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар. (Макал).

-аган: Алаган колум береген. (Макал). -максан: Билмексен киши болуп калды.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдувалиев Ибраим: Кыргыз тилинин морфологиясы
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1