Атриббция

Википедия дан

Атриббция (лат. attributio - таандыктык) 1) адабият таанууда көркөм чыгарманын авторун же анын кайда, качан жазылганын аныктоо. Атриббция - текстологиянын илгертен бери келаткан өтө орчундуу маселелеринин бири. Адабий чындыкты ачуу үчүн атриббциянын тарыхында методологиялык трагедиянын автору жөнөкөй актёр Шекспир болууга мүмкүн эмес деген шектүү ойлор пайда болгон. Мындай маселелер атриббциялык далилдер менен чечилген. Атриббциялык далилдерди изилдөө үч топко бөлүнөт: документ фактылар, тексттин идеялык-образдык мазмунундагы мүнөздүү белгилер жана тил менен стилди анализдөө; 2) искусство таанууда атриббция негизинен чыгарманын стилистикалык жана технологиялык өзгөчөлүктөрүн (материалын, композициясын, сүрөтчүнүн жекече манерасын жана башка) анализдөөгө негизделет. Атриббцияда чыгарманын сюжетин жана кимге арналгандыгын ачуу, тарыхый-маданий маалыматтарды пайдалануу чоң роль ойнойт. Мурда атриббция адистердин эмпириялык билимине жана божомолуна негизделип келсе, 19-кылымдын аягынан илимий-стилистикалык анализге, химиялык жана физикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жана башкаларга таянат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1