Атрибут (философия)

Википедия дан

Атрибут (лат. attribuo – берем, ат берем) – заттын негизги мааниси, белгиси жана айырмасы.

Бул касиеттери жок зат ааламда боло албайт жана материя жөнүндө ойлонууга мүмкүн эмес. Аристотель Атрибутту акциденциядан айырмалаган. Декарт Атрибут субстанциянын негизги мааниси деп карап, заттык субстанциянын Атрибут катары узундукту, ал эми рухий субстанция ирэтинде ойду эсептеген. Спиноза узундук менен аң-сезимди бир биримдиктеги субстанциянын атрибуту катары караган. 18-кылымда француз материалисттери заттын Атрибут катары кыймылды жана узундукту, Дидро, Робене аң-сезимди алышкан.

Бул термин азыркы философияда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]