Аттика

Википедия дан

Аттика- Орто Грециянын түштүк-батышындагы байыркы аймак.

Байыркы грек уламыштары боюнча, Аттика Афинынын айланасына саясий жактан падыша Тесейдин тушунда бириккени айтылат; чындыгында бул процесс бир нече кылымга созулган.

Б. з. ч. 6-кылымдын башында Афины Аттикада абсолюттуу экономикалык жана саясий беделге ээ болуп турган (к. Афины Байыркы).

Азыркы Грецияда Аттика - ушул эле аталыштагы аймак, борбору - Афины.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.