Атуулдук таалим-тарбия

Википедия дан

Атуулдук таалим-тарбия – мамлекеттик, коомдук мекемелер, окуу жайлар ж. б. тарабынан жаштарды өз өлкөсүнө берилген, ата мекенин терең сүйгөн, анын алдындагы атуулдук милдетин туура түшүнгөн жарандарды тарбиялоо максатында жүргүзүлгөн окутуу, тарбиялоо иш-чаралары.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн мектеп шартында атайын мекен таануу билимдери, «Граждандуулукка үйрөтүү», «Ата мекен тарыхы» ж. б. сабактар м-н катар эле класстан ж-а мектептен тышкаркы көп кырдуу таалим-тарбия иштери жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6