Атчы
Көрүнүш
Атчы - ат багуучу адам. Атчынын милдети: аттарга жем-чөп берүү, сугаруу, аткананы жана жылкыны тазалоо, ат жабдыгынын сакталышына көз салуу ж.б. эрежелерди сактоо милдети кирет. Кыргыздарда бул кесипти актачы деген термин аркылуу да айтышкан. «Ахта» монгол тилинде - жылкы, ат; - чы, кесипти, кыймыл-аракетти билдирүүчү аффикс туюнтат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4